Ссылки доступа

Украина Виктория аттуу жасалма басма сөз катчысын көрсөттү


Шаршембиде Украина өлкөнүн  Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) атынан расмий билдирүүлөрдү жасай турган жасалма интеллект (ЖИ) аркылуу түзүлгөн Виктория аттуу  басма сөз катчысын көрсөттү.

Бул тууралуу AFP агенттигине таянуу менен "Америка авазы" билдирди. Викториянын өзү Твиттерде жазгандай, консулдук маселелер боюнча коомчулукка жана журналисттерге маалымат берүү анын милдеттеринин бири болуп саналат.

Министрлик "тарыхта биринчи жолу" санариптик басма сөз катчы билдирүүлөрдү окуу үчүн колдонуларын белгиледи. Украина ТИМинин басма сөз кызматы Викториянын билдирүүлөрү жасалма интеллект тарабынан эмес, чыныгы адамдар тарабынан жазылганын жана текшерилгенин кабарлады. ЖИ билдирүүлөрдүн визуалдык бөлүгүн түзүүгө гана жардам берет.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба жаңы басма сөз катчысын "дүйнөдөгү бир дагы дипломатиялык кызмат жасай элек технологиялык секирик" деп билдирди.

Анын айтымында, аны түзүүнүн негизги себеби "убакытты жана ресурстарды үнөмдөө" болгон.

Викторияны The Game Changers командасы түзгөн. Ал Украинадагы согушка байланыштуу виртуалдык реалдуулук контентин да иштеп чыккан.

Фейк болбош үчүн билдирүүлөр QR коду менен коштолот.

XS
SM
MD
LG