Ссылки доступа

Саудиялык феминистка соцтармактагы билдирүүсү үчүн 11 жылга соттолду


Манаэль аль-Отайби
Манаэль аль-Отайби

Сауд Арабиясынын терроризмге каршы соту жергиликтүү феминист Манаэль аль-Отайбини социалдык тармактагы билдирүүлөрү үчүн 11 жылга эркинен ажыратты.

Өкүм 2024-жылдын январында эле чыккан, бирок ал азыр гана белгилүү болду. Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму аль-Отайби кийим тандоосу жана интернетте көз карашын билдиргени үчүн гана айыпталганын жазды.

29 жаштагы активист өзүнүн X жана Snapchat баракчаларында саудиялык аялдарга эркектердин “камкордугун” токтотууга чакырып, Сауд Арабиясында “адепсиз” деп эсептелген футболка жана чыпташкан шым менен машыгып жаткан видеолорун жарыялаган. Активист коомдук жайларда абая - улуттук кийим кийбегени үчүн да айыпталган.

Аль-Отайби антитеррордук мыйзам боюнча соттолгон, анда "террордук кылмыш жасоо үчүн жаңылыктарды, билдирүүлөрдү, жалган же зыяндуу ушактарды же ушуга окшогондорду таратуу же жарыялоо" үчүн веб-сайттарды колдонуу кылмыш катары каралган. Аль-Отайбинин үй-бүлөсү иштин материалдары менен тааныша алган эмес.

Манаэль аль-Отайби 2022-жылы ноябрда камакка алынган. 2023-жылдын августунда ал желдеткичи жок жалгыз камерага отургузулган жана ноябрда ага үй-бүлөсү менен жолугуу мүмкүнчүлүгү берилген эмес. Кийинки жолу ал туугандары менен 2024-жылдын апрелинде гана байланышууга жетишкен. ALQST укук коргоо уюму кабарлагандай, Аль-Отайби буту сынганын жана кыйноо шартында жалгыз камерада кармалып жатканын айткан. Эр-Рияд муну четке кагууда.

Укук коргоочулар Саудия бийлигин аль-Отайбини токтоосуз бошотууга чакырып, анын камалышы сауд өкмөтүнүн өлкөдөгү аялдардын укуктарын кеңейтүү жөнүндөгү айткандарына карама-каршы келерин эскертишүүдө.

Саудиялык активисттердин арасында социалдык тармактардагы билдирүүлөрү үчүн 45 жылга чейин эркинен ажыратылгандар бар. Аль-Отайбинин эжеси Фавзия да ушундай эле иш боюнча айыпталган, бирок ал 2022-жылы суракка чакырылгандан кийин өлкөдөн чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG