Ссылки доступа

Тажикстандын түштүгүндөгү дыйкандарды топурактын шор басуусу түйшүккө салууда (видео)


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Тажикстандын түштүгүндөгү дыйкандарды топурактын шор басуусу түйшүккө салууда. Алар талаадан суу агып чыга турган дренаждык арыктарды тазалоо үчүн мамлекеттин жардамына муктаж болууда.

"Суу буруучу арыктардын тазаланбаганынан улам жер кыртышын шор басып, жердин түшүмдүүлүгүнө жана дыйкандардын кирешесине таасир этүүдө. Эгер арыктар тазаланса, жер алдындагы суунун деңгээли бир жарым метрге ылдыйлап, шор басуу азаят. Демек түшүм да жакшы болот. Бирок, тилекке каршы, арыктар эки жылдан бери тазалана элек", – деди Вахш аймагындагы Жалолиддин Балхи районунун Курбон Сафаров аттуу 72 жаштагы тургуну.

Топурактын шор басуусу Вахш аймагындагы дыйкандардын көптөгөн көйгөйлөрүнүн бири гана. Алардын көбүндө жетиштүү санда айыл чарба техникалары жок болгондуктан, айдап-себүү жана оруп-жыйноо иштерин өз учурунда аткара албай калышат.

Тажикстанда дыйкан чарбалары өз алдынча субъект болуп эсептелет жана мамлекет аларга жардам бербейт. Аларда өз ишмердүүлүгүн жакшыртуу үчүн мүмкүнчүлүктөрү, мамлекет тараптан жеңилдиктер жок.

Бохтардагы дыйкан чарбасын жетектеген Юнусали Азимовдун айтымында, дыйкандарга жеңилдетилген насыялар берилсе алар үчүн өтө жакшы жардам болмок.

"Банктар төмөнкү пайыздар менен насыяларды берсе дыйкандар үчүн жакшы стимул болмок. Жер семирткичтер кымбаттады, баарынын баасы жогорулады. Биздин ийгилигибиз көбүнчө аба ырайына да көз каранды болуп калат", – деди ал.

Хатлон облусу пияз, картөшкө, дарбыз, пахта сыяктуу жашылча-жемиштер көп өскөн Тажикстандын ири агроөнөржай аймагы болуп эсептелет. Бул облуста миңдеген дыйкан чарбалары бар жана алардын көбү мамлекеттин жардамына муктаж.

XS
SM
MD
LG