Ссылки доступа

Орусияда мушташка катышкан 15 өзбекстандык депортацияланат


Орусиянын Туапсе шаарындагы массалык мушташка катышкан Өзбекстандын 15 жараны өлкөдөн чыгарылат. Бул тууралуу Краснодар облустук прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, жапырт мушташ 24-апрелде болгон. Мунай иштетүүчү заводдо жалданма фирманын кызматкери катары иштеген мигранттар турмуштук чырга кабылып, ал мушташка чейин жеткен.

Мушташка жалпысынан Өзбекстандын 15 жараны катышкан.

Орусиянын укук коргоо кызматкерлеринин айтымында, чыр-чатакка катышкан Өзбекстандын бардык жарандары административдик жоопкерчиликке тартылып, аларды Орусиядан депортациялоо чечими кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG