Ссылки доступа

Ташкентте карызы бар керектөөчүлөрдүн суусу өчүрүлүүдө


Ташкентте суу үчүн карызы бар керектөөчүлөрдүн түтүктөрү магистралдик түйүндөрдөн өчүрүлүүдө. Бул тууралуу "Ташкент шаардык суу чарбасы" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, калаа тургундарынын суу үчүн жалпы карызы 200 миллиард сумдан ашык (15,9 миллион доллар) болууда.

Компаниядан белгилешкендей, күндүн жылышы менен таза сууну турмуш-тиричилик муктаждыктарынан башка да максаттарда пайдаланган учурлар көбөйүүдө.

"Өкмөттүн тиешелүү чечимине ылайык, сууну башка максаттарда, анын ичинде сугат үчүн түңкү саат 00:00дөн таңкы 5:00гө чейин гана пайдаланууга болот. Бирок айрым керектөөчүлөр бул талапты аткарбай жатышат", – деп жазылган компаниянын билдирүүсүндө.

Ташкентте өткөн жылдын декабрынан тарта бюджеттик мекемелер жана дүңүнөн керектеген уюмдар үчүн 1 куб метр таза суунун тарифи 1 400 сум (0,11 доллар) деп белгиленген. Юридикалык жактар үчүн суунун баасы 3 миң сумду (0,24 доллар) түзөт.

XS
SM
MD
LG