Ссылки доступа

Бухарада тарыхый эстеликтерди оңдоого бөлүнгөн акча уурдалганы аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Бухара облусунда тарыхый эстеликтерди реставрациялоо учурунда 3 миллиард 340 миллион сумдан ашык каражатты уурдоо фактылары аныкталды. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Башкы прокурордун орун басары Шерзод Тухтабоев жетектеген Маданий мурас агенттигинин адистеринен турган жумушчу топ Бухара облусунун тарыхый эстеликтерин, анын ичинде “Хожа Калон” мечитин, “Хусайни” жана “Нодир Девонбеги” медреселерин, ошондой эле Арк цитаделин реставрациядоо иштери менен таанышты.

Реставрация учурунда чиновниктер "Кожа Калон" мечитинде 731 миллион сум, “Хусайни” медресесинде 216 миллион сум, “Нодир Девонбеги” медресесинде 90 миллион сум кымырып алышканы аныкталды.

Ведомствонун маалыматына караганда, Бухаранын тарыхый борборунда жайгашкан 74 объектиге багыттоочу белгилерди орнотууга бөлүнгөн 50 миллион сум да уурдалган.

Бул фактылар боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG